• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Си Цзиньпин КР президентине эки өлкөнүн ортосундагы мамиленин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата куттуктоо катын жолдоду

Саясат 0

Бишкек, 05.01.22. /Кабар/. Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровго эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата куттуктоо катын жолдоду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

“Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына байланыштуу Кытай Өкмөтүнүн жана элинин атынан, ошондой эле жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана дос Кыргызстандын элине чын жүрөктөн куттуктоомду жана жакшы каалоолорумду жолдойм.

Өз ара урмат-сый, теңчилик, өз ара пайдалуу кызматташтык орнотулгандан берки 30 жылдын ичинде алар эки тараптуу мамилелердин секириктүү өнүгүшүнө өбөлгө болуп, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине чыгып жана дүйнөлүк коомчулук үчүн жаңы типтеги мамлекеттер аралык мамилелердин үлгүсү болууда.

Кытай-кыргыз мамилелеринин өнүгүшү биздин өлкөлөргө жана өлкөлөрүбүздүн элдерине гана пайда алып келбестен, Борбордук Азия чөлкөмүндө тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого да салым кошууда.

Мен кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурам, дипломатиялык мамилелердин орнотулганынын 30 жылдыгынын жаңы башталышына таянуу менен Сиз менен тыгыз байланышта болууга, эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өз ара ишенимди арттырууга, “Бир алкак, бир жол” демилгесинин биргелешкен курулушунун алкагында кызматташтыкты тереңдетүүгө жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн кытай-кыргыз мамилелерин жаңы баскычка жылдырууга даярмын”, - деп айтылат кайрылууда.

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин өзүнүн куттуктоо катында президент Садыр Жапаровго чың ден соолук жана ишине ийгиликтерди, дос Кыргызстанга гүлдөп өнүгүү, ал эми элине тынчтык жана бакыт каалады.

Пикир

Оставить комментарий