• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Си Цзиньпин: Кыргызстанда чоң, позитивдүү өзгөрүүлөр болду

Саясат 0

Бишкек, 13.06.19. /Кабар/. «Кыргызстанда чоң, позитивдүү өзгөрүүлөр болду», — деп баса белгиледи Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 13-июнда Кыргызстанга мамлекеттик визитинин алкагында өткөн Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен кеңири курамдагы жолугушууда.

КЭР Төрагасы мамлекеттик визит менен меймандос жана дос Кыргызстанга дагы бир жолу келгенине кубанычта экенин өзгөчө баса белгиледи. Си Цзиньпин кытай элинин атынан боордош кыргыз элине салам жана жакшы каалоолорду жолдоду.

Ал Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришкенден кийин өлкө экономикасын өнүктүрүү, социалдык туруктуулукту сактоо, коррупция менен күрөшүү, элдин бакубатчылыгын жакшыртуу боюнча бир катар чаралар кабыл алынганын баса белгиледи.

«Сиздин ийгиликтериңиз көрүнүп турат. Кең пейил коңшу жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөш катары биз Кыргызстан үчүн кубанычтабыз. Биргелешкен аракеттер менен кыргыз-кытай мамилелери абдан өнүктү, жаңы типтеги мамлекеттер аралык мамилелердин үлгүсүн орноттук», — деп белгиледи КЭР Төрагасы.

Си Цзиньпин эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.

«Мамлекеттик визиттин алкагында көп пландуу эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнү пландап, аны жаңы деңгээлге көтөрүүгө даярмын», — деп баса белгиледи Си Цзиньпин.

Пикир

Оставить комментарий