• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик визити менен июнь айында келет

Саясат 0

Бишкек, 29.04.19. /Кабар/. Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик визит менен 2019-жылдын июнь айында келет.

Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин 28-апрелде Пекинде жолугушуусунда белгилүү болду.

“Өткөн жылы Сиздин Кытайга болгон биринчи мамлекеттик визитиңиз ийгиликтүү болду. Биз кызматташтыгыбызды стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыгарууну жарыялаганбыз. Биргелешкен аракет менен эки тараптуу кызматташтык туруктуу өнүгүп жатат, мен буга абдан кубанычтамын. Мен сиздин Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келип кетүүгө чакырууңузду кабыл алдым,” – деп белгиледи Си Цзиньпин.

Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбеков 25-28-апрелде башка мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн жетекчилери менен бирге КЭРге “Бир алкак – бир жол” форумуна жана “Дүйнөлүк бак өстүрүү – 2019 көргөзмөсүнүн ачылышына катышты.

Андан сырткары, Сооронбай Жээнбеков КЭР мамлекеттик кызматкерлер, ишканалардын жетекчилери жана илимий чөйрө менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Пикир

Оставить комментарий