• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Си Цзиньпин мамлекеттик визит менен Кыргызстанга келди

Саясат 0

Бишкек, 12.06.19. /Кабар/. Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 12-июнда, Кыргыз Республикасына мамлекеттик визит менен келди.

Эл аралык «Манас» аэропортунан Си Цзиньпинди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Мамлекеттик визиттин алкагында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин эртең, 13-июнда, Президент Сооронбай Жээнбеков менен кеңейтилген курамдагы эки тараптуу жолугушуу өткөрөт, жыйынтыгында эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлат.

КЭР Төрагасынын мамлекеттик визитинин алкагында кыргыз-кытай бизнес-форумун өткөрүү күтүлүүдө.

Ошондой эле Си Цзиньпин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын ишине катышат.

Пикир

Оставить комментарий