• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Си Цзиньпин жана Бердымухамедов Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттукташты

Саясат 0

Бишкек, 06.12.21. /Кабар/. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана КЭР төрагасы Си Цзиньпин президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттукташты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Гурбангулы Бердымухамедов куттуктоосунда мындай деп айтылат: «Бүгүнкү күндө Сиздин жетекчилигиңиз астында Кыргызстан прогресстин жолу менен ишенимдүү бара жатат жана турмуштун көп тармактарында реформаларды жүргүзүүдө.

Түркмөнстан Кыргыз Республикасы менен көп кырдуу кызматташтыктын азыркы деңгээлин жогору баалайт. Салтка айланган бир туугандык жана жакшы коңшулук мамилелер биздин элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да кыйшаюусуз бекемделе берерине бекем ишенебиз. Учурдан пайдаланып, чын дилимден чың ден соолук, узун өмүр жана жеке бакыт-таалай, ошондой эле жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө албан ийгиликтерди каалайм», — деп айтылат Түркмөнстандын президентинин куттуктоосунда.

Ал эми КЭР төрагасынын куттуктоосу: «Сиз Кыргызстандын президенти кызматына киришкен учурдан тартып кытай-кыргыз мамилелери өнүгүүнүн жагымдуу тенденциясын сактап, түрдүү тармактардагы эки тараптуу кызматташуубуз жаңы натыйжаларга жетишти. Мен кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө, мамлекеттерибиздин ортосундагы саясий өз ара ишенимди тереңдетүү, «Бир алкак, бир жол» демилгесин биргелешип курууну алга жылдырууну тездетүү үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого, ошондой эле эки өлкөнүн жана элдердин жыргалчылыгы үчүн кытай-кыргыз мамилелерин, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө жетишүүгө өзгөчө көңүл бурам», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Си Цзиньпин Садыр Жапаровго бекем ден соолук жана бардык иштеринде бакубатчылык каалады.

Пикир

Оставить комментарий