• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Си Цзиньпин Жапаровду жана Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 21.03.21. /Кабар/. Кытай Эл Республикасынын (КЭР) төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана өлкө элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Өткөн жылы кыргыз-кытай ар тараптуу өнөктөштүк мамилелери коронавирус инфекциясынын сыноосунан өттү.

Биздин өлкөлөрүбүздүн элдери эр жүрөк жана чечкиндуу кол кармашып алдыга карай баратат. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы ар кандай тармактардагы кызматташтык жаңы натыйжаларга жетишти.

Салттуу кыргыз-кытай достугу биздин элдердин жүрөгүнөн дагы терең орун алган», - деп айтылат куттуктоодо.

Си Цзиньпин Садыр Жапаровго чын ден соолук жана ишине ийгилик, Кыргызстан элине бакыт жана бакубатчылык каалады.

Пикир

Оставить комментарий