• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Си Цзиньпин Жээнбековду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 21.03.18 /Кабар/. Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Кыргызстандын салттуу жаз Нооруз майрамы менен Өкмөттүн, Кытай элинин атынан жана жеке өзүмдүн атыман Сизге жана Сиз аркылуу жалпы Кыргызстан элине чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду билдирүүгө уруксат этиңиз.

Ушул жылдын июнь айында Сиз Циндао шаарында Шанхай кызматташуу уюмунун мамлекет башчыларынын Кеңешинин Саммитине катышасыз жана Кытайга алгачкы мамлекеттик визит жасайсыз. Бул быйылкы жылдагы кытай-кыргыз мамилелериндеги абдан маанилүү окуялардын бири болуп саналат. Кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө зор көңүл буруп, Сиз менен Пекинде жолугушуп, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнү биргелешип пландаштырсак деген ниеттемин. Сиздин визитиңиздин жыйынтыгы менен маанилүү натыйжаларга жетишип, стратегиялык өнөктөштүктүн кытай-кыргыз мамилелерин мамлекеттерибиздин жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн жаңы деңгээлге алып чыгууга көмөктөшөт деп ишенем», -деп белгиленет Кытай мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин Президент Сооронбай Жээнбековго чың ден-соолук, мамлекеттик ишмердигинде зор ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине бакыт-таалай жана бакубатчылык каалады.

Пикир

Оставить комментарий