• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында "Манас" операсынын премьерасы болот

Маданият 0

Бишкек, 06.06.19. /Кабар/. А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында 11-12-июнь күндөрү Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында "Манас" операсынын премьерасы болот. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында президенттин аппаратынын жарандык өнүгүү, диний жана этникалык саясат бөлүмүнүн башчысы Назгүл Ташпаева билдирди.

Анын айтымында, биринчи күнү операны көрүүгө ШКУ өлкөлөрүнүн делегаттары чакырылган. Ал эми экинчи күнү опера баардык каалоочулар үчүн ачык болот.

"Манас" операсы Кытайдын Борбордук опера театры тарабынан коюлат. Борбордук опера театрынын продюсери Юан Пин анын продюсери болсо, режиссеру – Ван Ен Су. Операда Манастын, анын уулу Семетейдин улуу жеңиштери, ошондой каармандык менен мекенди сүйүү көрсөтүлгөн. Атасы өңдүү өзүнүн элин коргоого алып, аны бириктирүүгө умтулган, тынчтык, достук жана ынтымакты бекемдөөгө аракет кылган Семетейдин образы ачылат", - деди ал.

Ал белгилегендей, 8-14-июнь күндөрү кытай тарап Опера жана балет театрында аталган иш-чарага даярдык жана уюштуруу иштерин көрөт.

Пикир

Оставить комментарий