• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Си Цзиньпиндин “Мамлекеттик башкаруу жөнүндө” аттуу китеби казак тилинде жарык көрдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Казакстандын борбору Астанада бүгүн Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин “Мамлекеттик башкаруу жөнүндө” деген аталыштагы китебинин казак тилиндеги версиясынын бет ачары болду. Бул маалыматты Улут лидери - Биринчи президенттин фондунун алдындагы дүйнөлүк экономика жана саясат институнун маалымат бөлүмү билдирди.

“Бул китептин казак тилине которулушу улуттук тилдеги адабий фондунун өсүшүнө чоң салым болот. Ошондой эле, дүйнөлүк адабияттарды казак тилине которуу боюнча президенттин тапшырмасына толук жооп берет. Мындан тышкары анын окурмандары күн санап өсүп жатат”,-дейт аталган институттун директору Ержан Салтыбаев.

2014-жылы чыккан Си Цзиньпиндин “Мамлекеттик башкаруу жөнүндө” аттуу китеби дүйнөдөгү эң көп окулган, белгилүү китептердин бири. Китеп жыл сайын 25 тилде миллиондогон нуска менен жарык көрүүдө.

Е.Салтыбаевдин айтымында, “Казакстанда жүргүзүлүп жаткан модернизацияга байланыштуу аталган китеп казак окурмандарынын арасында өтө кеңири жайылууда. Бизге коңшу өлкө башынан өткөргөн реформалар, жаңылануулар, алардын ийгиликке кантип жетишкендиги өтө маанилүү. Китептеги макалаларда, интервью, маанилүү иш-чараларда сүйлөгөн сөздөрүндө кытай триумфунун феномени, чыгаан башкаруучунун саясий философиясынын сырлары ачылат”, - деп белгиледи директор.

Китептин бет ачарына КЭРдин Казакстандагы элчиси жана казакстандык аткаминерлер катышты.

Бет ачар КЭРдин төрагасы Си Цзиньпиндин алдыдагы Астанага мамлекеттик сапарына жана ШКУ мүчө-мамлекеттеринин саммитине катышуусуна арналган.

"Синьхуа", http://russian.news.cn/2017-06/06/c_136342326.htm

Пикир

Оставить комментарий