• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сиань шаарында Кыргызстан жана Казакстан ТИМ башчылары жолукту

Саясат 0

Бишкек, 12.05.21 /Кабар/. Бүгүн, 12-майда Кытай Эл Республикасынын Сиань шаарында өтүп жаткан «Борбордук Азия – Кытай» тышкы иштер министрлеринин Экинчи кеңешмесинин аянтчасында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Казакстан премьер-министринин орун басары - тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалга өзгөчө көңүл бурушту.

Министр Р.Казакбаев казак тарапты 2021-жылдын 28-30-апрелиндеги окуялар жана Кыргыз Республикасынын Баткен областындагы азыркы абал тууралуу маалымдады. Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде жетишилген макулдашууларды аткаруу ниетин кыргыз тарабы кармана тургандыгын баса белгиледи.

Тараптар көптөгөн адам курмандыктарына жана кыйроолорго алып келген чыр-чатак саясий-дипломатиялык сүйлөшүүлөр жолу менен гана чечилиши керек деген биридиктүү пикирди билдиришти.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Мухтар Тлеуберди кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуяны жөнгө салуу боюнча кыргыз тараптын аракеттерин колдоп, казак тарап кырдаалды мындан ары турукташтырууда ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө жана чыр-чатактан жабыркаган Кыргыз Республикасынын Баткен областынын тургундарына жардам берүүгɵ даяр экендигин билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кыргыз-казак күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулашты жана мындан аркы практикалык өз ара аракеттенүүнүн келечегин белгилешти.

Өз кезегинде Министр Р.Казакбаев казак кесиптешин Кыргыз Республикасына ага ыңгайлуу убакта расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды, маектеши бул чакырууну ыраазычылык менен кабыл алды.

Пикир

Оставить комментарий