• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Silk Way индустриалдык паркы 70 га аянтты ээлеп, 35 миңдей жумуш ордун түзөт

Коом 0

Бишкек, 31.10.18. / Кабар/. 2023-жылга карата Silk Way индустриалдык паркы 70 га аянтты ээлеп, 35 миңдей жумуш ордун түзөт. Бул тууралуу капсула салуу аземи учурунда «Silk Way» Индустриалдык паркы» ЖЧК башкы директору Адилет Кубанычбеков билдирди.

Анын айтымында, жеңил өнөр жай, тигүүчүлүк жана бут кийим чыгаруу негизги багыттардан болот. Парктын аймагында 112 профилдик фабрика курулушу пландалууда. Ал жерде ири ишканалар менен патенттин негизинде эмгектенген жеке ишкерлер иштешмекчи.

Парк өндүрүш, жайланыштыруу борбору, бажы көзөмөл, маркетинг жана менеджмент, Экспозициялык борбор, Административдик-чарбалык, спорттук-ден-соолукту чыңдоочу, маданий-билим берүү комплекс бөлүктөрүнөн турат.

Парктын курулушу биринчи баскычында эле 50 млн. доллар, келечекте 200 млн. доллар инвестиция тартылуусуна түрткү берери болжолдонууда.

Курулуш иштери эки баскычта пландаштырылууда: 2019-жылдын биринчи кварталынын башында жана 2020-жылдын ортосунда. «SilkWay» паркынын аймагында аймагында 6 негизги сектор болот, анын ичинде: административдик-ишкердик курулуштар аймагы;
бажы-логистикалык терминал; ири габариттүү транспортторду тейлөө; өнөр жай жана административдик-коммуналдык курулуш аймагы; парктык-рекреациялык аймак; инженердик-техникалык аймак.

Кубанычбеков президент Сооронбай Жээнбековго жана өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал келечекте Silk Way казынага миллиондогон каражат алып келерине ишенерин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий