• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Сингапур “Бир алкак - бир жол” долбоорунун башкы инвесторлорунун бири болууну пландоодо

Дүйнө 0

Бишкек, 24.04.19. /Кабар/. Сингапур Кытайдын “Бир алкак - бир жол” долбоорунун башкы инвесторлорунун бири болууну пландоодо. Бул тууралуу Сингапурдун премьер-министри Ли Сянь Лун өзүнүн “Бир алкак - бир жол” демилгесинин форумуна катышуу үчүн Пекинге болгон иш сапарынын алдында кытайлык кабарчыларга билдирди.

“Кытай Эл Республикасы үчүн биз ири чет элдик инвестициялардын булагы болуп туруп, биз ошол эле маалда долбоорго финансы жактан активдүү катышууга ниет кылуудабыз”, - деп The Straits Times гезити анын маегинен үзүндү келтирет.

Анын айтуусу боюнча, “бул жерде сөз адам капиталын өнүктүрүү үчүн үчүнчү өлкөлөргө инвестиция салуу тууралуу” болууда. Премьер-министр билдиргендей, бул демилгени ишке киргизүү үчүн көп жыл керек. “Бул долбоордун эч качан акыркы чекити болбошу да ыктымал”, - дейт Ли Сянь Лун.

Ал кошумчалагандай, Кытай менен Сингапур 2015-жылдан тарта Чунцин долбоорун ийгиликтүү ишке ашырып келет. Ал долбоор Кытайдын түштүк региондорунун жана Сингапурдун транспорттук коридорлорун өлкөнүн ири Чунцин шаары аркылуу бириктирүүнү көздөйт. Анын оюу боюнча, бул тажрыйбаны Кытайдын түштүк региондорунун Азиянын Түштүк-Чыгыш рынокторуна чыгууда жана келечекте Сингапурдун суу порту аркылуу жалпы дүйнөлүк рынокко чыгууда колдонууга болот.

“Бир алкак - бир жол” демилгеси 2013-жылы Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин тарабынан сунушталган. Бул концепциянын максаты кытайдын жана чет элдик капиталды колдонуу менен эл аралык көп тараптуу соода – инвестициялык долбоорлорду көп тараптардын катышуусу менен активдештирүү.

Бүгүнкү күндө анын ишке ашышына 124 өлкө жана 29 эл аралык уюмдар кошулган. 25-27-апрель күндөрү Пекин шаарында “Бир алкак – бир жол” эл аралык экинчи форуму өтөт. Ага 40тан ашуун мамлекеттердин башчылары, 150дөн ашуун мамлекеттин жана бир катар эл аралык уюмдардын жана БУУнун өкүлдөрү катышат.

Пикир

Оставить комментарий