• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Sinopharm кытай вакцинасын жеткирүү маселеси чечилди – министрлик

COVID - 19 0

Бишкек, 09.06.21. /Кабар/. Кытайдын Beijing Institute of Biological Products Co.Ltd компаниясы тарабынан өндүрүлгөн Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы Кыргызстанга болжол менен 20-июнга чейин алынып келет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүггүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, вакцинаны жеткирүү маселеси чечилди.

“Жеткирүү үчүн чартердик каттам уюштурулат. Болжол менен вакцина 20-июнга чейин алынып келинет”,-деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, 19-мартта Республикалык иммунопрофилактикалык борбору Beijing Institute of Biological Product Co.Ltd кытай компаниясы тарабынан өндүрүлгөн «Синофарм» вакцинасынын 150 миң дозадан турган биринчи партиясын алган.

Мындан тышкары, 25-майда КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн жетекчиси Айнура Акматова гуманитардык жардам катары кайтарымсыз негизде кытай вакцинасынын дагы 150 миң дозасы келерин айткан.

Пикир

Оставить комментарий