• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Синоптиктер өлкө аймагында 17-июлга чейин кандай аба ырайы болорун айтышты

Коом 0

Бишкек, 13.07.18. /Кабар/. Синоптиктер өлкө аймагында 13нөн 17-июлга чейин кандай аба ырайы болорун болжолдуу түрдө айтып беришти.

Ага ылайык, бүгүн, 13-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

14-15-июль кундөрү Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

16-17-июль кундөрү Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй облусунун тоо этектеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондорда 10-14 метрге жетиши күтүлөт.

Белгилей кетсек, алдыда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий