• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Синоптиктер аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 18.11.19. /Кабар/. 20-ноябрдан 24 ноябрга чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, 20-ноябрда эртең менен жана күндүз жана 21-24-ноябрь күндөрү мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 20-21-ноябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

21-27-ноябрь күндөрү болсо абанын температурасы кескин төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -2…-7°, Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -8…-13°, күндүз -4…-9°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6°, тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -5…-10°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Электр зымдарга суу кар жабышып үзүлүү коркунучун алып келет.

Пикир

Оставить комментарий