• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Синоптиктер аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 07.02.20. /Кабар/. 10-12-февралда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 10-февралда түнкүсүн өрөөндөрдө жаан жаап, күндүз жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 11-12-февралдарда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

10-11-февралда жана 12-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий