• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Синоптиктер аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 11.11.20. /Кабар/. Синоптиктер аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда, 12-16-ноябрь күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

12-ноябрда күндүз жана 13-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

13-16-ноябрларда абанын температурасы абдан төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8°, күндүз 0…-5° суук, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -4° сууктан…+1° жылуулукка чейин, күндүз 0…5° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -1…-6°, чыгышында -4…-9° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -7…-12° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо түнкүсүн -8…-13°, күндүз -5…-10° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20°, күндүз -7…-12° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий