• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Синоптиктер аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 26.03.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Алсак, 26нан 30-мартка чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

29-30-марттарда тоо этектеринде жаан карга айланышы күтүлөт. 26-мартта күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, 28-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, 29-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, 29-мартта күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

29-30-март күндөрү абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5° жылуу, күндүз 1…6° жылуу, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин, күндүз 1…6 градус жылуу болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 1…6 градус жылуу, күндүз 8…13 градус жылуу, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 2…7° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -1° сууктан …+4° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо түнкүсүн -14…-19° суук, күндүз -4…-9 градус суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Ошондой эле метеорологиялык кырдаалга жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий