• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Синоптиктер аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 24.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда 26-27-декабрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт, - деп билдирет Кыргызгидромет борбору.

Маалыматка ылайык, 26-декабрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад, Баткен облустарынын райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

27-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы, кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.

27-декабрда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында 26-декабрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, 27-декабрда түнкүсүн кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү мүмкүн. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ал эми 27-29-декабрь күндөрү абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4-9 градус, күндүз 0-5 градус, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -5-10°, күндүз 0-5°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз -2° сууктан +3° жылуулукка чейин, тоо этектеринде түнкүсүн -4-9° суук, күндүз -1-6° суук болушу күтүлөт.

28-декабрда түнкүсүн жана 29-декабрда Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -6-11°, күндүз 0-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20-25°, күндүз -5-10°, тоолуу райондордо түнкүсүн -10-15°, күндүз -6-11°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -26-31°, күндүз -10-15° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий