• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 31.01.19. /Кабар/. Синоптиктер аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, 2019-жылдын 5-7-февраль күндөрү Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы күтүлөт.

Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан карга айланышы күтүлөт.

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

6-февралдан 9-февралга чейин абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -17…-22°, күндүз -6…-11°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6°, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -13…-18°, күндүз -3…-8°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында -13…-18°, күндүз 0…-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -28…-33°, күндүз -12…-17°, бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -33…-38°, күндүз -13…-18° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз суук аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Катуу жаан жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий