• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сирияда зилзаладан улам урандынын алдында калган аял көз жарды – видео

Дүйнө 0


Бишкек, 07.02.23. /Кабар/. Сирияда зилзаладан улам урандынын астында калган аял көз жарды. Бул тууралуу Лента.ру жазды.

ЖМК белгилегендей, ымыркайды сактап калууга мүмкүн болуп, бирок анын апасы көз жаргандан кийин дароо каза болуп калган.

"Социалдык тармактарда тараган кадрларда куткаруучулар ымыркайды урандылардын арасынан кантип алып чыкканы көрүнүп турат. Жаңы төрөлгөн баланын денесинде көзгө көрүнгөн жаракаттар жок. Азырынча анын абалы тууралуу толук маалымат бериле элек", - деп жазышты ЖМКлар.

Эскерте кетсек, 6-фералдын таңында Сирияда күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөөдө 593 адам каза болуп, 1,4 миң адам жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий