• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сириядан кайтып келген кыргызстандык террористик топ түзүүнү көздөгөн

Коом 0

Бишкек, 13-июль /Кабар/. Атайын кызмат өкүлдөрү тарабынан 23 жаштагы Н.С.,аттуу эл аралык террористик уюмдун мүчөсү, кыргызстандык жаран кармалды,- деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Н.С. 2015-жылдары чет өлкөгө чыгып, ал жактан террористик уюмдарга тартылып, сирия-ирак аскерий кагылышуу аймагына жөнөтүлгөн. Аскерий даярдыктан өткөндөн кийин Н.С. Кыргызстанга жашыруун террористик уюм түзүү үчүн жөнөтүлгөн.

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына жеткирилип, “карасантайлык” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий