• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сириядан Казакстандын 47 жараны кайтарылды анын ичинде 30 бала менен 11 аял

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.01.19 /Кабар/. Сириядан Казакстандын 47 жараны, анын ичинде 30 бала менен 11 аял эвакуацияланды. Бул тууралуу Акордонун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта алар Сирияга алданып барып, туткунга түшүп калганы айтылат. Казак бийлиги эвакуацияланган жарандар бир ай ичинде тиешелүү медициналык жардам аларын билдирүүдө.

2018-жылы Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Сирия менен Иракта согуштук аракеттерге катышуу үчүн 800 казакстандык чыгып кеткенин кабарлаган. Комитет Сирия менен Ирактын эл аралык террордук уюмдарында казакстандык 120 эркек, 250дөн ашык аял жана 500 бала бар экенин айткан.

2018-жылы 19-декабрда Казакстандын Билим жана илим министрлиги соңку эки жылда Сириядан Казакстанга 91 бала кайтарылганын маалымдаган.

Пикир

Оставить комментарий