• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сириянын чыгышындагы ИМ террордук тобунун акыркы чеби кулады

Дүйнө 0

Бишкек. 20.03.19 /Кабар/. АКШ колдогон сириялык оппозициялык күчтөр Сириянын чыгышындагы Багхуз шаарын ээлешти. Ал "Ислам мамлекети" террордук тобунун акыркы чеби деп саналчу. Жүздөгөн согушкерлер багынып беришкени кабарланды.

Сирия демократиялык күчтөрүнүн басма сөз катчысы Мустафа Бали “Багхуздагы лагерди ээлөө – чоң кадам болгону менен, жеңиш тууралуу айтууга али эрте” деп билдирди. ИМ тобунун көзөмөлү алдында Евфрат суусунун жээгиндеги чакан аянт калды. Мындан тышкары террорчулардан бошотулган аймактарда да жашырынган топтордун келечекте баш көтөрүү коркунучу жогору.

Багхуздун алынышы - "Ислам мамлекетинин" согушкерлери Сирияда жарыялаган “халифаттын” жок болушун билдирет. Акыркы төрт жылдан бери АКШ колдогон козголоңчулар “халифатты” жок кылуу багытында ийгиликтүү иштерди жүргүзүштү.

Мустафа Балинин айтуусунда, Багхузда туткунга алынгандардын арасында Сириянын түндүгүндөгү терактка шектүүлөр да бар. Быйыл январдагы жардыруудан 16 киши өлгөн, анын төртөө АКШ жарандары.

Wall Street Journal гезити АКШ Сирияда 1000ге чейин аскер кызматкерин калтырууга ниеттенип жатканын жазды. Бирок жогорку кызматтагы америкалык генерал бул маалыматты четке какты. Уч ай мурун АКШ президенти америкалык аскерлерди Сириядан чыгарып кетерин билдирген.

Бул чечимди көптөгөн америкалык саясатчылар сындап, Кремль колдогон. Кийинчерээк АКШ Сирияда 200дөн ашуун аскерлерин тынчтык орнотуучулар миссиясынын курамында калтырууну пландап жатканы айтылган.

Пикир

Оставить комментарий