• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Негизи Сирияныкы: АКШ Голан дөңсөөлөрүн Израилдин бир бөлүгү катары тааныды

Дүйнө 0

Бишкек. 26.03.19 /Кабар/. АКШ президенти Доналд Трамп 25-мартта Израилдин талаштуу Голан дөңсөөлөрүнө ээлигин тааныган документке кол койду.

Вашингтондогу расмий иш-чарага Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаняху да катышып, Трампка ыраазычылык билдирди. Ал документти Израилдин Голан дөңсөөлөрүндөгү аскердик жеңишин дипломатиялык утушка айландырган "чечкиндүү кадам" деп атады.

Кол койгондон кийин Доналд Трамп АКШ мындай чечимди "ондогон жыл мурда эле кабыл алууга тийиш болчу" деп айтты.

Орусия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Голан дөңсөөлөрүн Израилдин бир бөлүгү катары таануу – Жакынкы Чыгышта чыңалуунун көбөйтө турганын билдирди.

Израиль жалпы аянты 1800 чарчы чакырым болгон Голан дөңсөөлөрүн 1967-жылы «Алты күндүк согушта» басып алган. Ага чейин ал Сириянын бир бөлүгү болгон.

Тел-Авив аталган аймакты өзүнө каратып алганы менен эл аралык коомчулук аны тааныган эмес.

БУУ Голан дөңсөөлөрүнүн аннексиясын мыйзамсыз деп атап, Израилди аймакты Сирияга кайтарып берүүгө үндөгөн.

Сириядагы жарандык согуштун жүрүшүндө, 2018-жылга чейин Голан дөңсөөлөрүнүн Сирияга таандык бөлүгү козголоңчулар тарабынан көзөмөлдөнгөн. Бирок азыр ал аймакты Сирия армиясы ээледи. Бул Израиль бийлигин өтө тынчсыздандырууда.

АКШда бийликке Трамп келгенден бери Израилди жактаган саясат жүрүүдө. 2018-жылы майда Вашингтон Тель-Авивдеги элчилигин Иерусалимге көчүргөн. Мындай жол менен ал бул шаарды Израилдин борбору катары тааныган. БУУга мүчө 128 өлкө шаардын макамы талаштуу болгондуктан, бул чечимге каршы чыккан, бирок АКШ бийлиги көз карашын өзгөрткөн эмес.

Пикир

Оставить комментарий