• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Системалык түрдө пара алып жүргөн. Жалал-Абадда мамкадр кызматынын адиси кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 24.06.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда мамлекеттик кадр кызматынын адиси пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүндө түзүлгөн коррупциялык схема аныкталды.

Белгиленгендей, күн мурун КР мамлекеттик кадр кызматында тестирлөөнүн оң жыйынтыгы үчүн акчалай сыйлык алып жаткан учурда мамкадр кызматынын жетектөөчү адиси С.Ж.Ж. кармалган.

"Кармалган кызматкердин мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундары жана муниципалдык кызмат орундары үчүн улуттук кадрлар резервине талапкерлерди каттоо маселелери менен системалык түрдө ири өлчөмдө пара алып жүргөндүгү аныкталган", - деп билдиришти УКМКдан

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин пара алуу беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Айыпталуучу УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий