• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сиз ачык түстөгү күзгү же кышкы бут кийимди сатып алат белеңиз?

Дүр дүйнө 0

Ачык түстөгү аялдардын бут кийимдери дүкөнгө киргенде дароо эле көзгө илинет. Бирок сиз дагы деле ачык өңдөгү бут кийимди сатып алууда ойлонуп, аны кайсыл кийимдер менен күйүүгө болот деп баш катырып отурат болушуңуз керек. Биринчи караганда чындыгында эле аны эмне менен кийүүгө болот деп ойлонуп кетесиң, бирок баары сиз ойлогондой татаал эмес.

Чыгармачыл айымдар – сүрөтчүлөр, дизайнерлер жана фотографтар ачык түстөгү бут кийимдерди эмне менен кийиш керектигин абдан жакшы билишет. Албетте, аны да кандай учурларда кийүү керектигин билүү абзел. Мисалга леопарт бут кийимди жумушка же жолугушууга кийип бара албайсың, бирок жашоо бул жалаң гана жумуш менен чектелбейт да.

Андыктан эрктүү, тайманбас айымдар ачык түстүү бут кийимдерди кийүүдөн тартынбай, тескерисинче, элден айырмаланып турууга аракет кылыңыздар.

Vivetta, Dolce&Gabbana, Daizy Shely жана көптөгөн башка бренддердин дизайнерлеринин ою боюнча, ар бир кыздын гардеробунда жок дегенде бир ачык түстүү бут кийим болушу керек.

Төмөндө алар сунуштаган бир нече ачык өңдөгү күз-кышкы бут кийимдер түрмөгүн сунуштайбыз.

Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий