• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Сиз башкача экенсиз!” – мигранттар Жээнбековго суктанышты

Коом 0

Чолпон-Ата, 08.08.18. /Кабар/. “Мекендештер-2018” форумунун катышуучулары президент Сооронбай Жээнбековдун иш-аракеттерине суктанышты.

Өз сөзүн сүйлөп бүткөндөн кийин мамлекет башчы пленардык сессиянын аянтчасындагы ордуна отурду. Кийинки сүйлөп жаткан спикерлерди жана суроо бергендерди угуп жатып ал айтылган сөздөрдүн маанилүүлөрүн жазып отурду. Бул көрүнүш форумга келгендерди таң калтырды.

“Сиз башкача экенсиз! Мунун баарын өзүңүз жазып жатканыңыз мага аябай жакты”, - деп белгиледи катышуучулардын бири.

Форумга президент Сооронбай Жээнбеков, экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин депутаттары, вице-премьер-министрлер, министрлер, эксперттер жана кыргызстандыктардын чет өлкөлөрдөгү бизнес-коомчулуктарынын өкүлдөрү катышууда.

Маалымат үчүн: “Мекендештер форуму” – чет өлкөдө жашаган мекендештердин, бирикмелердин жана кыргызстандыктардын диаспораларынын конструктивдүү диалогу үчүн заманбап аянтча. Ал 2012-жылдан бери эл аралык кызматташтык боюнча швейцариялык бюронун грантынын алкагында Кыргызстандагы эл аралык миграция уюмунун колдоосу менен “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан 2 жылда бир өткөрүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий