• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сиз эмне үчүн кышында кошумча салмак кошооруңузду билчү белеңиз?

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 12.01.18 /Кабар/. Адамдар кышында эмне үчүн толуп кетээрин окумуштуулар аныкташты, - деп РИА Новости Scientific Reports журналына шилтеме берүү менен жазат.

Теринин алдындагы май катмары күн көрбөгөндүктөн азайып кетпейт,-деп жазылат маалыматта.

Окумуштуулар клиникалык изилдөөнүн жүрүшүндө күндүн жарыгында май клеткаларынын кандай болорун анализге алып көрүшкөн.

Мындай, эксперимент кант диабетинен жапа чеккендерди дарылоонун жолдорун издөө үчүн жүргүзүлгөн. Бирок адистер өздөрү күтпөгөн жыйынтыкка дуушар болушкан.

Маалым болгондой, күндүн нуру теринин алдына өтүп, май катмарларынын клеткаларын сыртка чыгарууга мажбур кылаары аныкталган.

“Башкача сөз менен айтканда, биздин клеткалар көп көлөмдөгү майды сактап тура албай калат”,-деп түшүндүрөт изилдөөнүн авторлорунун бири, фармакология боюнча профессор Питер Лайт.

Окумуштуулар түшүндүргөндөй, күн аз тийген учурда адамдардын денесинде липиддер чогулуп, алардын айрыкча “кыш” мезгилинде кошумча салмак кошушуна себеп болот.

Пикир

Оставить комментарий