• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сиз эмне кылмаксыз? АКШда таштандыдан 100 миң долларга бааланган бриллиант, шакек жана билерик табылды

Дүйнө 0

Бишкек, 15.03.18. /Кабар/. Американын Гейнсвилл шаарындагы Жорджия штатында таштандыдан баштыкчанын ичинде 100 миң доллардык баалуу буюмдар табылган,-деп билдирет UPI.

Бриллианттар, шакек жана бирелик таштандыга жаңылыштык менен ташталып калган. Аларды ыргыткан аял таштандыны алып кеткенден кийин баалуу буюмдардын жоголгондугун байкап калган. Ал таштанды таштоочу жайга чалып, болгон окуя тууралуу айтып берген.

Анын бактысына жараша алынып келинген калдыктар башка таштандылар менен аралаша элек болгон. Таштандынын беш кызматкери он тонна таштандынын ичинен жоголгон баалуу буюмдарды табуу үчүн бир нече саат кеткен.

2016-жылы маалымдалгандай, Американын Миссури штатынын жашоочусу кокусунан жубайынын 400 миң доллар турган нике шакегин ыргытып салган. Жаш жубайлар таштанды таштоочу жерге барып, жоголгон буюмун таап алышкан.

Пикир

Оставить комментарий