• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сиз Instagram менен "ооруйсузбу"? Психологдор анын адамдын ден соолугуна кандай зыян алып келерин аныкташты

Дүйнө 0

Бишкек, 12.11.18. /Кабар/ АКШдагы Пенсильвания университетинин психологдору социалдык тармактарда узак убакыт отуруу жалгыздык сезимин күчөтүп, депрессияга алып келерин аныкташкан. Алардын иши Journal of Social and Clinical Psychology журналында жарыяланганын РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Өздөрүнүн изилдөөсүн адистер Facebook, Instagram жана Snapchat социалдык тармактарын активдүү колдонгон 143 студенттин арасында жүргүзгөн. Анын алдыңда ыктыярчылардын маанайын аныктоо үчүн сурамжылоо жүргүзүшүп, iPhone`дун статистикасынын жардамы менен алардын социалдык тармактардагы активдүүлүгүнүн орточо убактысын өлчөшкөн.

Андан соң бардык студенттерди эки топко бөлүшкөн. Биринчи - контролдук топтогу ыктыярчылар социалдык тармактарга мурункудай эле убакыт бөлүшкөн. Ал эми экинчи - эксперименталдык топтун мүчөлөрү ар бир социалдык тармакка күнүнө 10 мүнөттөн ашпаган убактысын бөлүшкөн. Эксперимент 3 жума бою уланган. Анын жыйынтыгында психологдор 7 көрсөткүч боюнча студенттер үчүн атайын анкета даярдашкан: социалдык колдоо, айлана-чөйрөдөн четтеп калуу, жалгыздык, тынчсыздануу, депрессия, өзүн-өзү баалоо жана өзүн кабыл алуу.

Натыйжада изилдөөчүлөр жалгыздык жана депрессия социалдык тармактарда өткөрүлгөн убакытка көз каранды экенин аныкташкан. Андан сырткары эксперименталдык топтун бардык мүчөлөрү контролдук топко салыштырмалуу депрессиянын белгилерин азыраак көрсөтүшкөн.

“Социалдык тармактарга аз көңүл буруу адамга жалгыздык сезимин азыраак тартуулай турганы күлкү келтирерлик. Буга айрым адистер түшүндүрмө беришти. Алардын айтымында, мунун себеби – сокур сезим менен салыштыруу. Адам башкалардын жашоосундагы окуяларга көз салганда, мисалы инстаграмдан, ага башкалар андан жакшыраак жашап жаткандай сезилет”, - деди изилдөөчүлөрдүн тобунун жетекчиси Мелисса Г.Хант.

Пикир

Оставить комментарий