• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Сиз канча саат уктайсыз? Окумуштуулар көп уктагандар инсультка тезирээк кабыларын аныкташты

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 12.12.19. /Кабар/. Күндүз уйкуга баткандар же түнкүсүн тогуз саат жана андан көп уктагандар инсульт илдетине тезирээк кабылат. Мындай чечимге Кытайдагы Илим жана технология университетинин окумуштуулары келгенин РИА Новости жазып чыкты.

Алты жылга созулган изилдөөгө инсульт оорусуна кабылган жана ден соолугунан жапа чеккен 31,7 миң адам катышкан.

Атайын анкетанын негизинде изилдөөгө катышкандардын 8%ы күндүз 90 мүнөт же андан көп убакыт уйкуга киргени аныкталган. Ал эми 24%ы түнкүсүн 9 саат же андан көп убакыт укташкан. 7-8 саат уктагандарга караганда 9 саат төшөктө жаткандар инсультка 23%га көп чалдыккан. Ошондой эле түштө бир нече саатка уйкуга киргендерде аталган илдет 85%га жогору болгону байкалган.

Буга чейин Россиядагы Медицина академиясынын сомнолог-адиси Михаил Полуэктовдун айтымында, чарчоо жана чала уктоонун ордун дем алыш күндөрү

көбүрөөк уктоо менен толтурган туура эмес.

Анын айтымында, эгер адам дем алыш күндөрү салыштырмалуу көбүрөөк уктаса олуттуу ооруларга чалдыгышы мүмкүн. Анын ичинде кант диабети жана жүрөк-кан тамыр ооруларына алып келиши мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий