• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сиздер бар аалам тынч! Кайгуул кызматы Энелер күнүнө карата ролик тартты

Коом 0


Бишкек, 16.05.21. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстанда белгиленип жаткан Энелер күнүн утурлай Бишкек шаардык милициясы боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы энелердин эмгегин жана чексиз мээримин баалап, аларга таазим этип, чакан ролик даярдады.

Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, айрыкча Ички иштер органдарында эмгектенип, үй-бүлөлүк түйшүк менен кызматтын кыйынчылыгын бирге алып кеткен айымдардын эмгегин терең баалап, алардын баарын чакан роликте чагылдырганга аракет кылышты.

"Урматтуу апалар ар дайым балдарыңардын ийгиликтерине ортоктош болгула, неберелер эрмек болуп, көңүлүңөрдү көтөрүп турсун! Бардыгыңыздарга бекем ден соолук, бакыт-таалай, үй-бүлөдөгү ынтымак жана бардык жакшылыктарды каалайбыз. Сиздер бар аалам тынч жана куттуу береке. Сиздерге чексиз таазим", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий