• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сиздин каныңыз кимдир бирөөнүн өмүрүн сактап калат. Жол кырсыгынан жабыркаган И.Карыпбековго кан тапшырганы 150 адам келди

Коом 0

Бишкек, 3-март /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Жол кырсыгынан жабыркаган КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков үчүн кан тапшырууга 150 адам келди. Бул тууралуу Республикалык кан борборунун директору Бакыт Караевге шилтеме менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

“Өткөн 2 күндө, 2-3-мартта кан куюу станциясына акцияга катышууну каалаган 150 адам келген. Саламаттыгына карап 97 адамдан кан алынды. Кайтарымсыз донорлук тууралуу бардык справкалар Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна жиберилди. Демек, муктаждык болсо Илим жана башка бейтаптар кан менен толук камсыз болот. Сиздин каныңыз кимдир бирөөнүн өмүрүн сактап каларына ишениңиз”, - деди директор.

Эскерте кетсек, 2-мартта КТРКнын башкы директору И.Карыпбеков жол кырсыгына учурап, олуттуу жабыр тарткан. Учурда анын абалын дарыгерлер туруктуу деп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий