• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек мэриясы бардык каалаган жарандарды кан тапшырууга чакырат

Коом 0

Бишкек, 24.09.20. /Кабар/. Бишкек мэриясынын шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы КР Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому менен биргеликте атайын иш-чараларды өткөрүүдө, анда каалаган жаран донор боло алат.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара 26-сентябрда саат 9:00дөн 14:00гө чейин "Адинай" сейил багында өтөт.

"Шаардыктарга кан басымынын пайда болуш факторлору жөнүндө айтылып, жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу боюнча кеңештер берилет. Бул, айрыкча, коронавирус терапиясынан кийин абдан маанилүү", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын кызматкерлери дагы четте калбай, кан донору болушту.

Пикир

Оставить комментарий