• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

СИЗО-1 мекемесин Бишкектин ортосунан шаардын четине чыгарууга мүмкүнчүлүк болбой жатат – Дүйшембиев

Коом 0

Бишкек, 24.01.19. /Кабар/. Бишкектин ортосунда жайгашкан №1 тергөө абагын шаардын четине чыгарууга мүмкүнчүлүк болбой жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Жоробек Дүйшембиев кабарлаган.

Анын айтуусунда, учурда №1 тергөө абагы шаардын так ортосунда жайгашкан.

“Ошого байланыштуу учурда ал мекемени башка жерге которуу боюнча маселе каралууда, бирок бул көп убакыттан бери созулуп келе жатат. Биз дагы деле донорлорду таба албай жатабыз”, - дейт төраганын биринчи орун басары.

Ал белгилегендей, Ошто да №5 тергөө абагы бар, ал жакта мекемени шаардын четине жылдыруу боюнча иштер жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий