• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сквер жана эс алуу жайлары тазаланды. Жалал-Абадда үч айлык көрктөндүрүүнүн жыйынтыгы чыкты

Аймак 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында март-июнь айларынын аралыгына чейин айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуу боюнча өткөрүлгөн үч айлыктын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Түзүлгөн атайын штабдын чечими менен активдүүлүгүн көрсөткөн КРнын министлер кабинетине караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин облустагы аймактык башкармалыгы, Жалал-Абад райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору, иш аракеттерди үзгүлтүксүз чагылдыргандыгы үчүн облустук медиаборбордун жетекчилигине ыраазычылык барактар тапшырылды.

Үч айлыктын алкагында көрктөндүрүү иштерине Жалал-Абад облусу боюнча 113 миңден ашуун жаран катышты. Жалпы 95 сквер жана эс алуу жайлары тазаланды. Аны менен бирге 225 миң даана көчөт отургузулса, анын 8 миңден ашууну ийне жалбырактуу. Ал эми 53 чакырым аралыкка түнкү жарыктандыруу орнотулган.

Пикир

Оставить комментарий