• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Словакия Кыргызстанда өтө турган ЕБ-БА 1-экономикалык форумуна чакырылды

Экономика 0

Бишкек, 17.02.20. /Кабар/. КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Словакия Республикасынын вице-премьер-министри, тышкы жана европа иштери министри Мирослав Лайчак менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жолугушуу 2020-жылдын 15-февралында Мюнхен коопсуздук конференциясынын алкагында өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз-словакия өкмөттөр аралык комиссиясынын күн тартибин деталдуу иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти. Тараптар тарабынан өлкөлөр ортосундагы мамилелердин, анын ичинде, экономикалык байланыштарды активдештирүү, өлкөлөр ортосунда саясий консультацияларды жүргүзүү багытындагы мамилелердин бардык комплексин мындан ары интенсификациялоого ишеним билдирилди.

Ч.Айдарбеков Словакия Республикасын Кыргызстанда 2020-жылдын жайында боло турган ЕБ-БА 1-экономикалык форумуна бизнести тартуу менен жогорку деңгээлде катышууга чакырды.

Региондук жана эл аралык саясаттын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашылды.

Пикир

Оставить комментарий