• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Снаряд байкасаңыз дароо бизге кайрылыңыз! Милиция үйлөрүнө кайткан баткендиктерге кайрылды

Аймак 0

Бишкек, 23.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов Баткендеги учурда абал тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, милиция кызматкерлери күнү-түнү биргелешкен кайгуулардарын жүргүзүүдө.

“Биргелешкен ыкчам тергөө топтору талкаланган имараттарды жана турак жайларды кароо жүргүзүү ишин улантууда. Айыл аймактарына айрым үй ээлери айылдарына, үйлөрүнө кайтууда. Учурдан пайдаланып, ошол айылдарга келген жарандарга эскертип кетели, айыл ичинде же короодо, үйдө жарылбай калган снаряддар же шектүү буюмдарды байкасаңыздар, өз алдынча чара көрбөй, ал нерселерге жакын жолобой дароо кайгуулда жүргөн топторго же иш алып барып жаткан ыкчам топторго билдирсеңиздер”, - дейт ал.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 59 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) каза болуп, 198 киши жабыркады.

Пикир

Оставить комментарий