• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Соң-Көл жайлоосуна тасма тартууга барган топтун унаасы сазга тыгылып калган

Коом 0

Бишкек, 01.07.22. /Кабар/. Кечээ, 30-июнда Ак-Талаа районунда Соң-Көл жайлоосуна видео тасма тартуу үчүн барган Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин кызматкерлеринин унаасы сазга тыгылып калган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, унааны чыгарууга жергиликтүү тургун ЗИЛ унаасы менен тартылып, ал дагы тыгылып калган.

Жардам көрсөтүү максатында жерине Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу АКУ менен тартылып, унааларды чыгарышып, терс окуясыз кайтып келишкен.

Пикир

Оставить комментарий