Бишкек, 22.07.22. /Кабар/. Соң-Көл көлүндө суунун тереңине түшүп кеткен эски браконьердик балык уулоочу торлор тазаланууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Балык чарба департаментинин "Соң-Көл балык чарбасы" мамлекеттик ишканасынын түзүмдүк бөлүмүнүн бекитилген иш-чара планына ылайык, тазалоо корук участокторунан башка көлдүн акваториясы боюнча жүргүзүлөт.
Аба ырайынын жагымдуу шарттарында жана көлдө муз тоңгонго чейин тазалоо иштери жүргүзүлөт.
Пикир
Оставить комментарий