• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сочиде өтүп жаткан панкратион боюнча чемпионатта Кыргызстандыктар 6 медаль утушту

Спорт 0

Бишкек, 31.10.17. /Кабар/. Сочиде өтүп жаткан панкратион боюнча чемпионатта кыргыз спортчулары 6 медаль утушту. Бул тууралуу “Замандаш” ассоциациясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 25нен 30-октябрь аралыгында Сочи шаарында панкратион боюнча дүйнө чемпионаты өткөн. Мелдешке 22 өлкөдөн дээрлик 300гө жакын спортчу катышкан.

Кыргызстандык спортчулар өз күйөрмандарын кубандырып, 6 медаль, 1 – алтын , 2-күмүш жана 3 – коло утушту.

Сыйлык ээлери;

1.Темиров Алымбек – 1-орун, 75 кг салмак, 19 жаш

2. Азамат уулу Арсений – 3-орун, 66 кг, 19 жаш

3. Маматалиев Баяман – 3-орун, 66 кг, 17 жаш

4. Ураим уулу Жаныш – 2-орун, 66 кг, 18 жаш

5. Раимбаев Камбарали – 2-орун, 60 кг, 20 жаш

6. Анарбек уулу Чыңгыз – 3-орун, 66 кг , 20 жаш.

Пикир

Оставить комментарий