• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Согуш талаасында 40тай учак башкардым — 95 жаштагы ардагер Сафин Гаффандын эскерүүсү

Жеңишке 75 0

Бишкек, 07.05.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сафин Гаффан азыр 95 жашта. Бирок дагы деле кайраттуу, ал-күчтөн тая элек. Таң эрте туруп шаардагы Курорт аймагындагы көчөдө сейилдеп, саламаттыгын чыңдоо максатында күнүмдүк көнүгүүлөрдү жасап турат. Ардагер узак жашаганынын сыры да аталган эрежелерди так сактагандыктан экенин айтат. Сафин Гаффан Ташкенттеги балдар үйүндө чоңоюп, согушка 17 жашта болгон. Алгач Ташкентте 8 ай даярдыктан өтүп, Учкучтар дивизиясында кызмат өтөгөн.

“Биздин муун бүгүнкү тынчтык заманды алып келүүдө эң бир оор күндөрдү башынан өткөрүп, көптөгөн жоготууларга учураган. Мен алгач Польша жергесиндеги кандуу майданда болуп, учкучтар дивизиясында кызмат өтөдүм. Бул аралыкта 40тай учакты башкардым. Ошол кезде немец жоокерлери да бизди алсыз деп баалап, жеңебиз деген ойдо болушкан. Бирок, СССРдин согуштук армиясы жеңилген жок. Акыры согуш биздин жеңиш менен аяктады. Ал убакытка чейин мен эки жолу жараат алып, ири операцияларды баштан өткөрдүм. Ошентип бүгүнкү тынчтык заманды курууга аракетибизди жумшадык. Азыр да көргөн кыйынчылыктарыбыз, согуш мезгили көз алдыма элестеп турат. Бирок кылган аракеттерибиз текке кетпей, тынчтык заманда жашап жатканыбызга кубанам “ - дейт Сафин Гаффан.

Ал согуш аяктаган соң 1954-жылы Жалал-Абад шаарына көчүп келген. 60 жылдан ашуун кыш заводдо эмгектенген. Жубайы экөө ошол жерде таанышып, 4 балалуу болушкан. Азыркы учурда калаанын Курорт аймагында жашап келет. Согуштагы эрдиги үчүн "Улуу Ата Мекендик согуштун II даражадагы", "Германияны жеңүү" жана башка медалдары менен сыйланган.

Бул жылы Улуу Ата Мекендик согуштун аяктагандыгынын 75 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ар бир ардагерге 75 миң сомдон бөлүнгөн. Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев ардагерлерди үйлөрүнө барып куттуктап, акча каражаты тапшырылып, жергиликтүү бийлик тарабынан азык-түлүк баштыктары берилген.

Белгилей кетсек, азыркы учурда Жалал-Абад шаарында 5 согуш ардагери жашайт. Алардын экөө согуштун катышуучусу, экөө оруктун жана бир концлагердин туткуну.

Пикир

Оставить комментарий