• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Согушта курман болгондордун дарегин тактоо боюнча токтом кабыл алынды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 2-июнь /Кабар/. Жогорку Кеңеште "Улуу Ата мекендик согуштун жылдарында курман болушкан жоокерлердин сөөктөрүн Кыргызстан жерине кайра көмүү боюнча чаралар жөнүндө” токтом долбоору каралды.

Депутат Аида Салянованын айтымында, Улуу Ата мекендик согушка 360 миӊден ашуун кыргызстандык жоокер катышкан, бирок аман-эсен кайтып келгендерден тышкары, алардын канчасы ошол согуш талаасында каза болуп, канчасы дайынсыз жоголгондугу тууралуу так маалымат жок.

Белгилей кетсек, токтомдо согушта каза болгондор жана дайынсыз жоголгондордун маалымат базасын түзүү менен, маркумдардын көмүлгөн жерин аныктоо жана алардын сөөктөрүн Кыргызстанга алып келүү чараларын иликтеп чыгуу боюнча Өкмөткө тапшырма берүү маселеси каралган.

Мындай демилгени Акылбек Жапаров, Алмамбет Шыкмаматов, Бахадыр Сулейманов сындуу депутаттар колдой турганын билдиришти. Алардын пикиринде, согушта курман болгон мекендештерибиздин сөөгүн алып келүүгө анчалык деле чоӊ каражат талап кылынбайт.

Бир катар эл өкүлдөрү бул жакшы демилге болгону менен, аны ишке ашыруу өтө татаал экенин белгилеп, токтомдун каржылык жана башка маселелерин талдап чыгуу зарылдыгын белгилешти. Өкмөт өкүлдөрү да азырынча эч кандай эсеп-кысаптар жок экенин билдирди.

“Согушта каза болгондордун сөөгүн алып келүү – өтө татаал маселе. Ал эми каржылоо маселеси – анын бир гана бөлүгү, азыр анчалык каражат да жок. Андан башка да түйшүктөрү арбын. Аларды ошол коюлган жеринде ар дайым эскерип туруу зарыл. Алардын сөөгү коюлган жердеги адамдар да кыргыз баатырларынын эрдигин эскерип турушсун”, - дейт депутат Кубанычбек Нурматов.

Ал эми согуштун катышуучуларынын сөөгүн алып келүү маселесине өтө этият мамиле жасоо керек экенин белгилеген депутат Айтмамат Назаров: “Андан көрө адегенде чет өлкөлөрдө өлгөн кыргыз жарандарынын сөөгүн алып келүү көйгөйүн чечип алалычы”, - деп кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий