• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Согуштук аракеттерге катышкан партиялык кеӊешчилерге социалдык кепилдиктерди берүү демилгеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.09.17 /Кабар/. Жогорку Кеӊеште башка мамлекеттердин аймактарындагы согуш аракеттерине катышкан адамдардын социалдык кепилдиктери боюнча мыйзамдагы карама-каршылыктарды жоюуга багытталган мыйзам долбоору карылып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечи – депутат Кожобек Рыспаев. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Демилгечинин айтымында, СССРдин өкмөттүк органдарынын чечимдерине ылайык, башка мамлекеттердин аймактарында согуш аракеттерине, анын ичинде Ооганстандын аймагында кеңешчи катары катышкан жарандар социалдык кепилдиктерди алалбай келет. Ал үчүн “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.

Мындай согуш аракеттерине аскер кызматчылары менен күч өкүлдөрүнөн тышкары, өкмөттүк органдар тарабынан жиберилген советтик кеңешчилер да катышкан. Кеңешчилер аскер комиссариаттары аркылуу чакырылбагандыктан, ошондой эле иш сапарына жиберүүнүн купуялуулугуна байланыштуу алардын аскердик билеттерине жазуулар жасалган эмес. Мисалы, Ооганстанда 316 партиялык кеңешчи, КПСС БКнын Коомдук илимдер академиясынын 45 кеңешчи-окутуучусу, 150 комсомолдук кеңешчи иштеген. Кыргыз ССРинен 4 партиялык кеңешчи жиберилген.

Эгерде сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоору күчүнө кирсе, республикалык бюджеттен жыл сайын 144 миң сом өлчөмүндө каражат керектеле турганы белгилүү болду. Ошондон улам, демилгечи мыйзам кабыл алынып калса, анын каржылоо булагы аныкталгандан кийин күчүнө киргизиле турганын белгиледи.

Өкмөт өкүлдөрү мыйзам долбооруна карата карщы пикирин билдиришти. Алардын айтымында, бюджетте мындай чыгымдар каралган эмес. Ошону менен бирге, мыйзам долбооруна айрым тактоолорду киргизүү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий