• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Согуштун ардагери Жумабек Абиров Жеңиш күнүн гана эмес, 96 жашын белгилеп жатат

Жеңишке 75 0

Бишкек, 09.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Жумабек Абиров Жеңиш күнүн гана эмес, 96 жашын белгилеп жатат.

Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришкендей, Биринчи май районунун акими Алибек Биримкулов менен анын командасы 96 жашка чыккан ардагерди кош майрамы менен куттукташкан.

"Ардагер Бишкек шаарында каттоодо турат. Бирок учурда Нарында уулунун үйүндө жашайт. Анын үч уулу, 15 небереси жана 12 чөбөрөсү бар", - деп билдирет мэрия.

Жумабек Абиров 1924-жылы 9-майда туулган. 1942-жылы аскерге чакырылган.

Пикир

Оставить комментарий