• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сохто кыргыз жаранын сабаган өзбекстандыктарга кылмыш иши козголот

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.04.18. /Кабар/. Кыргызстандын "Ширеч" насостук станциясынын кызматкерин сабаганы үчүн Өзбекстандын төрт жаранына кылмыш иши козголот. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Сох районунун прокурору Жахангир Фозилов бүгүн Кыргызстандагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, Сохтун ичинде жайгашып калган насостук станциянын иши жана кызматкерлердин коопсуздугу өзбек чек арачылары тарабынан кайтарууга алынат. Мындай келишимге Сох жана Баткен райондорунун акими, прокурору, милиция жана чек ара башчылары жолугушууда жетишилген.

- Чара көрөбүз. Биз өз жарандарыбыздын күнөөсү бар экен, кармап, аларды тергөөгө өткөрүп бердик. Мына азыр да айылдарыбыздын эли менен жолугуп, сүйлөшүп, ынтымакта тынч жашоо боюнча профилактика кылууну чечтик. Кимдин жараны тополоң кылып, күнөөлүү болсо, өзүбүз чара көрүп, жазасын беребиз. Эл буга аралашып, жок жерден урушпасын. Бул окуя боюнча да көрүлгөн чара жөнүндө жазуу түрүндө сиздердин органдарга маалымат беребиз, - деди Жахангир Фозилов.

10-апрелде Суу-Башы айыл өкмөтүн сугат суу менен камсыз кылган "Ширеч" насостук станциясынын кызматкерин Сох анклавынын Шархабат айылынын тургундары сабап салышкан. Башынан жаракат алган жумушчу Баткен облустук ооруканасына жеткирилген.

Бул маселе боюнча бүгүн Өзбекстандын Сох районунун акими менен Баткен облусунун акими жолугушту. Ага райондук милиция, прокуратура жана чек ара кызматтарынын жетекчилери да катышты.

Айыл өкмөт башчынын маалыматы боюнча, насостук станция жайгашкан жер Кыргызстанга таандык, бирок ал Сох анклавынын ичинде. Буга чейин да эки тараптын ортосунда сууга байланыштуу чыр-чатактар катталып келген.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий