• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сокулук аймактык ооруканасындагы дарыкана имараты мамлекеттин эсебине кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Сокулук аймактык ооруканасындагы дарыкана имараты мамлекеттин эсебине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облустук прокуратура органдары тарабынан социалдык-маданий имараттардын жеке менчикке мыйзамсыз өткөндүгүн аныктоо жана мамлекеттик менчикке кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, 34,39 чарчы метр аянттагы, 72,2 чарчы метр жер тилкеси болгон Сокулук аймактык ооруканасындагы дарыкананын имараты мамлекеттин эсебине кайтарылды.

2017-жылы Сокулук райондук прокурасы КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна карата, Мамлекеттик каттоо кызматынын Сокулук району боюнча башкармалыгына КР кыймылсыз мүлктү башкаруу комитетинин Чүй-Бишкек-Талас аймактык башкармалыгынын 2009-жылдын 12-июнундагы «Сокулук аймактык ооруканасынын колдонулбай жаткан дарыканасынын имаратын кийинчерээк сатып алуу жолу менен ижарага берүү» жөнүндөгү буйругун жокко чыгаруу боюнча жана аталган дарыкана имаратын 220 миң сомго кийинчерээк сатып алуу жолу менен ижара алган жаран С.Хуснутдиновага карата Чүй облусунун райондор аралык сотуна доо арыз келтирген.

Биринчи жана экинчи инстанциядагы соттук отурумдун негизинде прокуратуранын келтирген доо арыздары канааттандырылып, өз кезегинде КР Жогорку сотунун 2018-жылдын 12-ноябрындагы токтому менен жогоруда көрсөтүлгөн соттук актылары күчүндө калтырылган.

Мындан тышкары, Чүй облустук сотунун 2021-жылдын 10-мартындагы аныктамасы менен райондук прокуратуранын сатып алуу-сатуу келишимдерин жараксыз деп табуу жөнүндөгү доо арызы толугу менен канааттандырылды.

Пикир

Оставить комментарий