• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сокулук милициясынын убактылуу кармоочу жайында шектүү өз өмүрүн кыюуга аракеттенген

Кырсык 0

Бишкек, 22.04.21. /Кабар/. Сокулук РИИБнин убактылуу кармоочу жайында оор кылмышка шектелип кармалган жаран өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 21-апрелинен 22-апрелине караган түнү болжол менен саат 00:40 чамаларында убактылуу кармоочу жайда кармалган 46 жаштагы М.А. шейшеп менен эшиктин темирине өзүн-өзү асууга аракет кылган.

Нөөмөттө турган кызматкер окуяны байкап калып, өз өмүрүн кыюуну алдын алууга үлгүргөн. Убагында агачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, М.А. аман калган.

Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан окуянын себептерин териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий