• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сокулук райондук архитектура башкармалыгынын бөлүм башчысы пара талап кылгандыгы үчүн кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 04.03.21. /Кабар/. Пара талап кылгандыгы үчүн Сокулук районунун архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын бөлүм башчысы кармалды. Бул тууралуу КРнын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, ушул жылдын 3-мартында ыкчам-издөө иш-чарасын жүргүзүү учурунда райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын бөлүм башчыларынын бири Р.Р. пара алып жаткан жеринен кармалган.

Мындан мурда Финансы полициясына Б.Т. аттуу жаран өзүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып кыймылсыз мүлктү каттоо документи үчүн 30 миң сом пара талап кылып жаткан Сокулук районунун архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын кызмат адамына карата чара көрүп берүү тууралуу арызы менен кайрылган.

Сотко чейинки өндүрүш материалдары КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Кармалган жаран Бишкек шаардык ИИББ убактылуу кармоочу жайына камалып, сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.

Урматтуу жарандар, эгерде сиз кызмат адамдарынын же башка адамдардын опузалап пара талап кылуу же негизсиз текшерүүлөрдүн курмандыгы болсоңуз, 1955 номери аркылуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына кайрылууңузду өтүнөбүз.

Пикир

Оставить комментарий